Нагыз Жобо Балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин катышуусу менен өтүлүүчү «Көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн усулдук кейстеринин» программалык-усулдук иштелмелеринин Республикалык сынагын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт
Сынак Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына арналган иш чаралардын алкагында мыйзамдык жана укуктук-ченемдик иш кагаздарга ылайык өткөрүлүүдө:
— билим берүүнүн мазмунун негизги мүнөздөрүнүн комплекси (окуу планы, календардык окуу графиги, пландалган жыйынтыктардын көлөмү, мазмуну),
-уюштуруу-педагогикалык шарттар (окуучуларды даярдоонун сапаты, колдонулган окутуунун жана тарбиялоонун формаларынын, каражаттарынын, ыкмаларынын балдардын жашына, психофизикалык өзгөчөлүгүнө, ийкемине, шыгына, кызыгуусуна жана керектөөсүнө туура келиши, бирикменин толушу, бир сабактын узактыгы, жумасына жүктөмдүн көлөмү),
— аралык аттестацияны көзөмөлдөөнүн формалары, тартиби жана мезгилдүүлүгү,
— баалоо жана усулдук материалдар,
— сабактардын, курстардын (модулдардын) (зарыл учурда) жумушчу программалары.
Усулдук кейстин вариативдик бөлүгү билим берүү программасын ишке ашырууну усулдук камсыздоодо билим берүү процессин камсыздоочу ар түрдүү иштелмелерди камтый алат: тематикалык бөлүктөр боюнча окуу-усулдук комплекттер; сабактарга дидактикалык материалдар; балдардын ишмердигин уюштурууда долбоордук, оюн технологиялары, окуучулардын түрдүү категориялары үчүн билим берүү маршруттарын коштоонун усулдук ыкмалары ж.б.
Билим берүү программасын ишке ашыруунун «Санариптик издери» – көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруунун процессинин жана жыйынтыгынын Интернетке коюлушу: уюмдун расмий сайтындагы, ЖМК, социалдык тармактарда, профилдик маалыматтык-усулдук, илимий ж.б. электрондук ресурстарда басылган маалыматтар, тажрыйба, жетишкендиктер.
4.1«ӨНӨР АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛОО»
Көркөм багыттагы тааныштыруу, кыска мөөнөттүк билим берүү программаларынын усулдук кейси
4.2«БИЗ БИРГЕБИЗ»
Өзгөчө билимге муктаж балдар үчүн инклюзивдүү, адаптацияланган көркөм багыттагы усулдук кейс
4.3«БАЛДАРДЫН ҮЛГҮЛҮҮ КОЛЛЕКТИВИ»
Аймактык деңгээлде расмий таануунун бекитилген статусу бар тереңдетилген деңгээлдеги көркөм багыттагы билим берүү программасынын усулдук кейси (“Үлгүлүү коллектив”, “Элдик коллектив” ж.б. наамы бар коллективдер)
4.4«КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК — АРАЛЫКТАН»
Аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен көркөм багыттагы билим берүү программаларын өнүктүрүүчү усулдук кейс
4.5«МАДАНИЙ МУРАС»
Аймактын маданий мурасын, элдик этномаданияттык салттарын өздөштүрүүнү жана сактоону камтыган көркөм багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси
4.6«ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯСЫ»
Көркөм чыгармачылыкты жана санариптик технологияларды интеграциялоого негизделген көркөм багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси
5.2«ЛИДЕРЛИК БИЙИКТИККЕ»
Балдарда ийкемдүү социалдык компетенцияларды калыптандыруунун заманбап практикаларын жана технологияларын камтыган социалдык – педагогикалык багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси 5.3«КЕСИПКЕ ЖОЛ»
Окуучулардын өзүн кесиптик аныктоосун жаңыртуунун мазмунун жана технологиясын камтыган социалдык – педагогикалык багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси (анын ичинде аралык технологияларын колдонуу менен). (кесипке багыт берүү)
5.4«НАСААТЧЫ»
Түрдүү жаштагы жана балдар-чоңдөр коомдорундагы насаатчылыкты колдоонун технологиясын жана усулун камтыган социалдык – педагогикалык багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси (анын ичинде тармактык, кыска мөөнөттүк же тааныштыруу формада)
5.5«ЫКТЫЯРЧЫЛЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ»
Балдарды жана өспүрүмдөрдү ыктыярчылык коммуникациянын жана ишмердиктин социалдык маанилүү көндүмдөрүнө окутууну камтыган социалдык – педагогикалык багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси (анын ичинде тармактык, кыска мөөнөттүк же тааныштыруу формада)
5.6«ИШКЕРДИК ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК»
Балдарда жана өспүрүмдөрдө экономикалык ыкчамдыктын жана активдүүлүктүн социалдык маанилүү көндүмдөрүн калыптандырууну камтыган социалдык – педагогикалык багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси (анын ичинде аралык технологияларын колдонуу менен, кыска мөөнөттүк же тааныштыруу)
7.1. Сынакка КРнын мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү жана командалары катыша алышат.
7.2. Сынакка катышуу үчүн катышуучулар материалдарды balajan@mail.ru почтасына жөнөтүшөт. Сынактын материалдары www.igilik.kyialgakadam.expo.kg сайтында жайгаштырылат. Байланыш телефондору: 0312 38 32 60, 0772 17 68 31.
Сынак өткөрүү убагы: 1-октябрь 2023-ж. — 10-ноябрь 2023-ж.
Нагыз жободо белгиленбей кеткен маселелер өзүнун компетенциясына жараша, түзүлгөн кырдаалдын алкагыгында Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына ылайык, Сынактын Уюштуруу комитети менен чечилет.
Жиберилген кейстердин мазмуну менен материалдарды Сынакка кабыл алып бүкткөндөн кийин таанышууга мүмкүн.