Балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин катышуусу менен өтүлүүчү «Көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн усулдук кейстеринин» программал

  1. Жалпы жобо

 Нагыз Жобо Балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин катышуусу менен өтүлүүчү  «Көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн усулдук кейстеринин» программалык-усулдук иштелмелеринин Республикалык сынагын  уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт

Сынак Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына арналган иш чаралардын алкагында мыйзамдык жана укуктук-ченемдик иш кагаздарга ылайык өткөрүлүүдө:

  • Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мугалимдердин статусу жөнүндөгү» Мыйзамы;
  • КРнын 2026-2040 жылдарга билим берүүнүн өнүгүү стратегиясы;
  • КРнын 2021-30 жылдарда окуучуларды жана окуган жаштарды тарбиялоо Концепциясы;
  • КыргызРеспубликасынын мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемесинин Типтүү жобосу
    • Усулдук кейс–билим берүү программаларын багыттар боюнча (көркөм жана социалдык – педагогикалык) усулдук, технологиялык, дидактикалык коштоону жана жабдууну камсыздоочу мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлеринин комплекстик программалык-усулдук иштелмеси
    • билим берүү программаларынsy усулдук кейси инварианттык бөлүккө ээ, ал билим берүү программасына болгон сөзсүз талаптарды чагылдырат. Алар:

— билим берүүнүн мазмунун негизги мүнөздөрүнүн комплекси  (окуу планы, календардык окуу графиги, пландалган жыйынтыктардын көлөмү, мазмуну),

-уюштуруу-педагогикалык шарттар (окуучуларды даярдоонун сапаты, колдонулган окутуунун жана тарбиялоонун формаларынын, каражаттарынын, ыкмаларынын балдардын жашына, психофизикалык өзгөчөлүгүнө, ийкемине, шыгына, кызыгуусуна жана керектөөсүнө туура келиши,  бирикменин толушу, бир сабактын узактыгы, жумасына жүктөмдүн көлөмү),

— аралык аттестацияны  көзөмөлдөөнүн формалары, тартиби жана мезгилдүүлүгү,

— баалоо жана усулдук материалдар,

— сабактардын, курстардын (модулдардын) (зарыл учурда) жумушчу  программалары.

Усулдук кейстин вариативдик бөлүгү билим берүү программасын ишке ашырууну усулдук камсыздоодо билим берүү процессин камсыздоочу ар түрдүү иштелмелерди камтый алат: тематикалык бөлүктөр боюнча окуу-усулдук комплекттер; сабактарга дидактикалык материалдар; балдардын ишмердигин уюштурууда долбоордук, оюн технологиялары, окуучулардын түрдүү категориялары үчүн билим берүү маршруттарын коштоонун усулдук ыкмалары ж.б.

Билим берүү программасын ишке ашыруунун «Санариптик издери» – көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруунун процессинин жана жыйынтыгынын Интернетке коюлушу: уюмдун расмий сайтындагы, ЖМК, социалдык тармактарда, профилдик маалыматтык-усулдук, илимий ж.б. электрондук ресурстарда басылган маалыматтар, тажрыйба, жетишкендиктер.

  1. Сынактын максаттары жана милдеттери
    • Сынактын максаттары:
      • мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогдору иштеп чыккан көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы билим берүү программаларынын мыкты усулдук кейстерин аныктоо.
      • Билим берүүнүн аймактык системаларын өнүктүрүү милдеттеринин алкагында мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мазмунун жана технологияларын жаңылантууга багытталган усулдук иштелмелерди аныктоо.
      • Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү педагогдорунун усулдук компетенциясын жакшыртуу, кесиптик умтулуусунун, өсүүсүн жогорулатуу.
  1. Сынактын милдеттери
  • көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы билим берүү программаларынын усулдук кейстерин номинациялар боюнча билим берүүнүн аймактык системаларын өнүктүрүүнүн артыкчылык милдеттерине ылайык аныктоо, тандоо, экспертизалоо, жайылтуу, трансляциялоо.
  • Катышуучулардын мыкты усулдук кейстерин тандоо.
  • Кесипкөй педагогикалык коомчулук үчүн жалпы жеткиликтүү болгон  көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы мыкты усулдук кейстердин санариптик топтомун түзүү.
  1. Көркөм багыттагы программалык-усулдук иштелмелердин номинациялары

4.1«ӨНӨР АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛОО»

 Көркөм багыттагы тааныштыруу, кыска мөөнөттүк билим берүү программаларынын усулдук кейси

4.2«БИЗ БИРГЕБИЗ»

 Өзгөчө билимге муктаж балдар үчүн  инклюзивдүү, адаптацияланган көркөм багыттагы усулдук кейс

4.3«БАЛДАРДЫН ҮЛГҮЛҮҮ КОЛЛЕКТИВИ»

Аймактык деңгээлде расмий таануунун бекитилген статусу бар тереңдетилген деңгээлдеги көркөм багыттагы билим берүү программасынын усулдук кейси (“Үлгүлүү коллектив”, “Элдик коллектив” ж.б. наамы бар коллективдер)

4.4«КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКАРАЛЫКТАН»

Аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен көркөм багыттагы билим берүү программаларын өнүктүрүүчү усулдук кейс

 4.5«МАДАНИЙ МУРАС»

Аймактын маданий мурасын, элдик этномаданияттык салттарын өздөштүрүүнү жана сактоону камтыган көркөм багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси

4.6«ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯСЫ»

Көркөм чыгармачылыкты жана санариптик технологияларды интеграциялоого негизделген көркөм багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси

  1. Социалдык – педагогикалык багытагы усулдук иштелмелердин номинациялары

5.2«ЛИДЕРЛИК БИЙИКТИККЕ»

Балдарда ийкемдүү социалдык компетенцияларды калыптандыруунун заманбап практикаларын жана технологияларын камтыган социалдык – педагогикалык багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси 5.3«КЕСИПКЕ ЖОЛ»

Окуучулардын өзүн кесиптик аныктоосун жаңыртуунун мазмунун жана технологиясын камтыган социалдык – педагогикалык багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси (анын ичинде аралык технологияларын колдонуу менен). (кесипке багыт берүү)

5.4«НАСААТЧЫ»

Түрдүү жаштагы жана балдар-чоңдөр коомдорундагы насаатчылыкты колдоонун технологиясын жана усулун камтыган социалдык – педагогикалык багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси (анын ичинде тармактык, кыска мөөнөттүк же тааныштыруу формада)

5.5«ЫКТЫЯРЧЫЛЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ»

Балдарды жана өспүрүмдөрдү ыктыярчылык коммуникациянын жана ишмердиктин социалдык маанилүү көндүмдөрүнө окутууну камтыган  социалдык – педагогикалык багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси  (анын ичинде тармактык, кыска мөөнөттүк же тааныштыруу формада)

5.6«ИШКЕРДИК ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК»

Балдарда жана өспүрүмдөрдө экономикалык ыкчамдыктын жана активдүүлүктүн социалдык маанилүү көндүмдөрүн калыптандырууну камтыган социалдык – педагогикалык багыттагы билим берүү программаларынын усулдук кейси  (анын ичинде аралык технологияларын колдонуу менен, кыска мөөнөттүк же тааныштыруу)

  1. Сынакты жетектөө
    • Сынакты уюштуруучу – кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлики.
    • Маалыматтык-усулдук, эксперттик, уюштуруучулук-техникалык коштоону аткаруучу – «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору.
    • Сынактын уюштуруучулук түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
  • Уюштуруу комитети – уюштуруу функциясы, координациялоо, көзөмөл, бирге иш алып баруу, маалымат берүү.
  • Эксперттик-кеңеш берүү кеңши – экспертиза жана кеңш берүү функциясы.
  • Кесипкөй калыстар тобу – сынактын жыйынтыгын кесипкөй баа берип чыгаруу функциясы. 
  1. Сынактын катышуучулары

7.1. Сынакка КРнын мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү жана командалары катыша алышат.

7.2. Сынакка катышуу үчүн катышуучулар  материалдарды balajan@mail.ru почтасына жөнөтүшөт. Сынактын материалдары www.igilik.kyialgakadam.expo.kg    сайтында жайгаштырылат.  Байланыш телефондору: 0312 38 32 60, 0772 17 68 31. 

  1. Сынакты өткөрүүнүн этаптары жана ирети

Сынак өткөрүү убагы: 1-октябрь 2023-ж. — 10-ноябрь 2023-ж.

    • Өтүнмөнү берүүнун башталышы – 15-сентябрь 2023-ж.
    • Өтүнмөнү кабыл алууну аяктоо – 30-сентябрь 2023-ж.
    • Сынактын этаптары:
          • 1 - тур  — усулдук кейстердин кесиптик экспертизасы – 1-октябрь 2023 – 1-ноябрь 2023-ж.
          • Сынактын 1-турунун жыйынтыктарын жарыялоо – 01-ноябрь 2023-ж. 8 жеңүүчүнү же жеңүүчү-команданы тандоо
          • Сынактын 2-туру — 1-турдун жеңүүчулөрүнүн – 2 турдун финалчыларынын усулдук кейстерди жактоосу 8-10 ноябрь 2023-ж.
          • Сынактын 2-турунун жеңүүчүлөрүн жарыялоо – 9-10 ноябрь 2023-ж.
          • Жыйынтык чыгаруу, сынактын жыйынтыктарын жарыялоо — 10-ноябрь 2023-ж.
          • Сынкатын жыйынтыктарын трансляциялоо – 11.11.2023-ж.-31.12.2023-ж.
  1. 9. Корутунду жобо

Нагыз жободо белгиленбей кеткен маселелер өзүнун компетенциясына жараша, түзүлгөн кырдаалдын алкагыгында Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына ылайык, Сынактын Уюштуруу комитети менен чечилет.

Жиберилген кейстердин мазмуну менен материалдарды Сынакка кабыл алып бүкткөндөн кийин таанышууга мүмкүн.

Балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин катышуусу менен өтүлүүчү «Көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн усулдук кейстеринин» программал
Создано: 27 февр. 2024 г., 15:51:12
Изменено: 27 февр. 2024 г., 15:51:12