Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын “Ийгиликке карай жол” аталышындагы өнүгүү программаларынын республикалык сынагын өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында 2021-2040 жылдарда билим берүүнү өнүктүрүү Программасын, “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын 2021-2030 жылдарда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо жөнүндө” Концепцияларын ишке ашыруу алкагында жана Кыргыз Республикасындагы балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү системасынын уникалдуулугун сактоо жана жакшыртуу, балага тарбия билим берүүдө жана инсанды чыгармачыл өнүктүрүүдө мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын жана мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында  буйрук кылам:

 

 Кыргыз Республикасында 2021-2040 жылдарда билим берүүнү өнүктүрүү Программасын, “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын 2021-2030 жылдарда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо жөнүндө” Концепцияларын ишке ашыруу алкагында жана Кыргыз Республикасындагы балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү системасынын уникалдуулугун сактоо жана жакшыртуу, балага тарбия билим берүүдө жана инсанды чыгармачыл өнүктүрүүдө мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын жана мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында  буйрук кылам:

 

  1. 2023-жылдын 20-февралынан 20-апрелине чейин мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин арасында “Ийгиликке карай жол” аталышындагы өнүгүү программаларынын республикалык кесиптик сынагы ( мындан ары Сынак) өткөрүлсүн.
  2. Сынактын уюштуруу тобу, жобосу, чыгымдардын сметасы 1,2,3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  3. Сынакты уюштуруу жана өткөрүү «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна (Д.С.Мусина) жүктөлсүн.
  4. Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, облустук билим берүү институттарынын, облустук усулдук билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери:
  • мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилерине  буйрукту жеткиришсин.
  1. Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгына (Г.Б.Токтахунова) аймактар аралык сынакты өткөрүү үчүн “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун 2023-жылга каралган чыгымдардын эсебинен бекитилген сметанын негизинде каржылоо тапшырылсын.
  2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгына (М.Дж.Усеналиев) жүктөлсүн.

 

О проведении республиканского профессионального конкурса программ развития внешкольного дополнительного образования

“Путь к успеху”

 

В рамках реализации Программы развития образования на 2021-2040 годы, Концепций “О духовно-нравственном развитии и физическом воспитании личности”, “О воспитании школьников и молодежи на 2021-2030 годы” и в целях сохранения уникальности и совершенствования системы внешкольного дополнительного образования детей в Кыргызской Республике, в воспитании, обучении и творческом развитии личности ребенка и повышения профессиональной компетентности педагогов и роли внешкольных организаций,  приказываю:

 

  1. Провести с 20 февраля по 20 апреля 2023 года республиканский профессиональный конкурс программ развития внешкольного дополнительного образования “Путь к успеху”.
  2. Утвердить оргкомитет, положение, смету расходов, согласно приложениям 1,2,3.
  3. Организацию и проведение конкурса возложить на Республиканский учебно-методический центр эстетического воспитания “Балажан” (Д.С.Мусина).
  4. Руководителям областных институтов образования, областных методических отделов образования, управлений образования городов Бишкек и Ош, районным/городским отделам образования:
  • довести приказ до сведения руководителей внешкольных организаций дополнительного образования для участия в конкурсе.
  1. Управлению бюджетной политики и финансового анализа (Г.Б. Тохтакунова) профинансировать конкурс исходя из бюджетных средств, предусмотренных для РУМЦЭВ “Балажан” на 2023 год, согласно утвержденной сметы данного мероприятия.
  2. Контроль за исполнением настоящего приказа возложить на Управление политики школьного образования и книгоиздания (М.Дж.Усеналиев).

 

 

 Заместитель министра                                                        Т.А.Ашымбаева

 1-тирекеме

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү  жана илим

министрлигинин

2023-жылдын

“___” ______________

№ ______ буйругу менен

бекитилди

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Концепцияны ишке ашыруу алкагында өтүлүүчү “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!” аймактар аралык сынагын уюштуруу комитетинин курамы

 

  1. Ашымбаева Т.А. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, уюштуруу тобунун төрайымы.
  2. Усеналиев М.Дж. - Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы, уюштуруу тобунун мүчөсү
  3. Мусина Д.С. – «Балажан» РЭТОУБнун директору, уюштуруу тобунун мүчөсү.
  4. Токтахунова Г.Б. – бюджеттик саясат жана каржылык талдоо башкармалыгынын башкы адиси, уюштуруу тобунун мүчөсү.
  5. Омурканова С.Т. - Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын адиси, уюштуруу тобунун мүчөсү.
  6. Эшматова Г.С. – борборлоштурулган эсепкананын башкы эсепчиси.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-тиркеме

КРнын Билим берүү жана

илим министрлигинин

2023-ж. “____” январындагы

№__________ буйругу менен

бекитилди

 

Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программаларынын “Ийгиликке карай жол” аттуу

республикалык кесиптик сынагынын

 Жобосу

 

  1. Жалпы жобо.

1.1. Сынак  Кыргыз Республикасында 2026-2040 жылдарда билим берүүнү өнүктүрүү Программасын, “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын 2021-2030 жылдарда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо жөнүндө” Концепцияларын ишке ашыруу алкагында  жана Кыргыз Республикасындагы балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү системасынын уникалдуулугун сактоо жана жакшыртуу, балага тарбия билим берүүдө жана инсанды чыгармачыл өнүктүрүүдө мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын жана мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлөт.   

 1.2. Бул Жобо мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программаларынын “Ийгиликке карай жол” аттуу республикалык сынагынын статусун жана өткөрүлүшүн жөнгө салат.

         1.3. Сынак курамына Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин Республикалык кесиптик кошунунун алгачкы уюмдары бар мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын директорлору, директордун орун басарлары, усулчулары, уюмдун кесиптик кошунунун башчысы, бөлүм башчылары кирген командалар арасында өткөрүлөт. 

Сынактын милдеттери:

  • балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында жаңы багыттарды, теорияларды жана практикаларды аныктоо жана өздөштүрүү;
  • балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган башкаруу ишмердиктин ийгиликтүү тажрыйбасын, инновациялык иштелмелерди жана технологияларды жайылтуу;
  • мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу боюнча жетекчилердин, усулчулардын тажрыйбасын аныктоо жана жайылтуу;
  • билим жана тарбия берүүнүн инновациялык ыкмаларын, каражаттарын жана технологияларын аныктоо жана колдоо;
  • мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын усулчуларынын жана усулдук кызматынын чыгармачыл дараметин өнүктүрүү жана кызыктыруу;
  • мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнү программалык-усулдук камсыздоонун сапатын жогорулатуу;
  • балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын ишин илимий-усулдук камсыздоонун ачык ресурстук базасын түзүү;
  • тажрыйба алмашуу жана түрдүү категориядагы окуучулардын суроо талабын камсыз кылуу үчүн педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жана компетенцияларынын деңгээлин жогорулатуу үчүн шарт түзүү;
  • балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын билим берүү процессин программалык камсыздоону жакшыртууга кызыктыруу.

 

1.4. Сынактын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги.

1.5. Сынакты өткөрүүнү аткаруучу жана ишке ашыруучу «Балажан» РЭТОУБ.

 1.6. Сынактын өнөктөшү Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Республикалык комитети, Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргызпатент.

1.7. Сынак үч турда өткөрүлөт. Биринчи тур аймактык деңгээлде мектептен тышкарыкы кошумча билим берүүнүн областтык координаторлору жана республикалык усулдук кеңеши тарабынын өткөрүлөт. Экинчи тур республикалык деңгээлде областтык турдун жеңүүчүлөрүнүн катышуусу менен өтөт. Үчүнчү тур экинчи республикалык турдун жеңүүчү-программаларын көпчүлүк алдында коргоо түрүндө өткөрүлөт. 

1.8. Сынак боюнча кошумча маалымат сынактын www.kyialgakadam-expo.kg сайтында чагылдырылат.

 

  1. Сынакты жетектөө.

2.1. Сынакты өткөрүү үчүн Уюштуруу тобу түзүлөт.

2.1.1. Уюштуруу тобу сынактын эки сырттан өткөрүлүүчү турунун тартибин, эксперттик комиссияны жана жюринин курамын, сынактын иш чараларын каржылоонун шарттарын бекитет.

2.1.2. Уюштуруу тобу сынакты өткөрүүнүн шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугун өзүнө калтырат.

2.2.  2, 3-турлардын сынактык материалдарын экспертизалоо үчүн Уюштуруу тобу тарабынан эксперттик комиссия түзүлөт, анын курамына балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү маселелери боюнча адистер, илимий коом, коомдук уюмдардын, Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын, коомдук уюмдарынын, жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирет.

2.3. 2-турдун сынактык сыноолорун баалоо үчүн уюштуруу тобу тарабынан калыстар тобу түзүлөт. Анын курамына  мектептен тышкаркы кошумча билим берүү маселелери боюнча адистер, илимий коом, коомдук уюмдардын, Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын, коомдук уюмдарынын, жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирет.

 2.4. «Балажан» РЭТОУБ уюштуруу-техникалык ишти камсыздайт: сынактын сайтын түзүү, өтүнмөлөрдү, сынактык материалдарды кабыл алуу, аларды сынактын эксперттик комиссиясынын кароосуна даярдоо, сынактын сайтын колдоо, 2-турду өткөрүүнү уюштуруу.

 

  1. Сынактын катышуучулары.

3.1. Сынакка катышууга  мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары команда менен катышышат: уюмдун директору, директордун окуу-тарбия боюнча орун басары, усулчулар (аналитикалык кызмат, бөлүм башчылар ж.б.).

3.2. Сынакка катышууга көрсөтүү кесиптик кошуундун баштапкы уюмунун пикирин эске алуу менен ишке ашырылат.

3.3.Сынакка катышуу үчүн  каалоочулар материалдарды balajan@mail.ru почтасына жөнөтүшөт. Сынактын материалдары www.kyialgakadam-expo.kg    сайтында жайгаштырылат.  Байланыш телефондору: 0312 38 32 60, 0772 17 68 31. 

 

  1. Сынактын 1-аймактык турун өткөрүүнүн тартиби жана убагы.

1-тур 2023-жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин өтөт.

 4.1. 1-турга катышуу үчүн Катышуучулар сынактын сайтында электрондук каттоодон өтүшөт жана 2023-жылдын 25-февралына чейин төмөнкү сынактык материалдарды жайгаштырышат:

  • Катышуучунун Сынакка катышууну негиздеген эркин формадагы көрсөтүүсү: кесиптик позициясы – өз ишинин, жетектеген уюмунун ишмердигинин чакырыктарын, максаттарын жана артыкчылыктарын, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү системасынын милдеттерин көрүүсү; ийгиликтүү окуяны чагылдырган дээрлик акыркы 3-5 жылдын ичинде кесиптик иште жетишкендиктери/ийгилиги (көйгөйдү чечүү, долбоорду ишке ашыруу ж.б.)
  • билим берүү уюмунун паспорту; ишке ашыруу этаптары жазылган уюмду өнүктүрүү программасы;
  • уюмдун билим берүү программаларынын тизмеси (негизги багыттар боюнча);
  • мекетептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмунун ишмердиги жөнүндөгү жалпыга маалымат каражаттарында басылыштарынын топтпому; программаны ишке ашыруунун ийгиликтерин тастыктоочу сайттардагы активдүү шилтемелер;
  • окуу процессинде колдонулган окуу-усулдук колдонмо (техникалык талаптар: текст: шрифт Times New Roman, өлчөмү 12, аралыгы бирдик).

 

4.2. 2-тур мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнү өнүктүрүүгө педагогикалык жамааттын кошкон салымын ачып берүүчү  уюмду өнүктүрүү программасынын экспертизасын, уюмдун жетекчисинин, орун басарынын, усулчунун жана усул кызматынын кызматчыларынын сынактык материалдарын, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун: математикалык сабаттуулукту, табигый илимий сабаттуулукту, китеп окуу сабаттуулугун, каржылык сабаттуулукту, глобалдык компетенцияларды жана креативдүү ой жүгүртүүнү калыптандыруучу технологияларды камтыган материалдарын жөнөтөт.

 

4.3. 1-турдун материалдарынын экспертизасынын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 30-мартына чейин эксперттик комиссия 2-турга катышуу үчүн жалпы рейтингде көп балл топтогон сынактын 10 лауреатын аныктайт. 

4.4. Өтүнмөнү 4.1 п. көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырган талапкерлердин иштери каралбайт жана Сынакка киргизилбейт.

4.5. Сынакка жиберилген бардык материалдар кайтарылып берилбейт жана рецензияланбайт.

4.6. Сынактын лауреаттарынын материалдары Сынактын сайтына жайгаштырылат.

 

  1. Сынактын 2-турун өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөтү.

5.1. Сынактын 2-туруна катышууга 1-турдун жыйынтыгы боюнча жалпы рейтингде көп балл алган 10 лауреат чакырылат.

5.2. Сынактын 2-турун өткөрүү мөөнөтү Уюштуруу тобу тарабынан 2023-жылдын 20-мартына чейин бекитилет:

5.3. 3-турдун сынактык сыноосу 2023-жылдын 10-апрелинде өтөт жана ага төмөнкүлөр кирет:

5.3.1. «Балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программасы»  - уюмду жана «Балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программасын» презентациялоо

  «Уюмду презентациялоо»: 

Формат: уюмдун ишмердигин жана жетишкендигин чагылдырган презентация Узактыгы–5 (беш) мүнөт.

«Балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программасын» коргоо:

Формат: Сынактын катышуучуларынын сөзү (жекече же команда менен) (узактыгы - 5 (беш) мүнөткө чейин жана калыстар тобунун мүчөлөрү менен маек (узактыгы - 5 (беш) мүнөткө чейин).

Сыноонун жалпы убагы - 10 мүнөткө чейин.

 

5.3.2. Башкаруу маселелерин (кейсти) чечүү жана калыстар тобу менен маектешүү.

Формат: башкаруу чеберчиликти, убакыттын тартыш мегилинде көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүн көрсөтүү (маектешүүнүн узактыгы – 10 мүнөт).

5.4.   1-турдун жыйынтыгы боюнча көп бал топтогон (жалпы рейтингде баллдын саны боюнча) 5 жеңүүчү лауреат болушат.

5.5  3-турдун жеңүүчүлөрүнүн ичинен 3 катышуучу абсолюттук жеңүүчу болуп таанылат.

 

  1. Катышуучуларды сыйлоо.

6.1. 1-турдун катышуучулары сертификат, жеңүүчүлөрү диплом менен сыйланышат. Сертификаттар жана дипломдор сынактын аягында катышуучулардын дарегине электрондук түрдө жиберилет.

6.2. 2-турдун катышуучулары Лауреаттын диплому менен сыйланышат.

6.3. «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программасы» сынагынын Абсолюттук жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин атынан Абсолюттук жеңүүчүнүн Ардак диплому жана эстелик сыйлыктар тапшырылат. КРнын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Республикалык комитетинин атынан мектептен тышкаркы уюмду өнүктүрүүгө каралган сыйлык тапшырылат. Сыйлык жеңүүчү эмгектенген уюмдун профсоюздук уюмунун эсебине которулат.  

6.4. Уюштуруу тобу сынактын жеңүүчүлөрүнүн санына өзгөртүү киргизүү укугун өзүнө калтырат.

Создано: 13 мар. 2023 г., 18:09:11
Изменено: 13 мар. 2023 г., 18:09:11